Ош шаарынын мэри болуп Бакытбек Жетигенов дайындалды

29 ноября 2022, 11:33

Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болду. Бул тууралуу президенттин сайтына жарыяланды. 

Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду. Буга чейин президенттин жарлыгы менен Алмаз Мамбетов бул кызматтан бошотулган.

Бакытбек Жетигенов 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтун аяктаган. Ал 2013-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинен юридика боюнча билим алган. 

Ошондой эле, 2010-жылга чейин жеке ишкер болгон. 2010-жылы “Ар-Намыс” партиясынан V чакырылыштын депутаты болгон. VI чакырылышта да депутат болуп шайланган.

Былтыр, 2021-жылы Жетигенов бийликти басып алууга аракет кылган деген шек менен УКМК тарабынан кармалган. Бир айдан кийин Башкы прокуратуранын аны жоопкерчиликке тартуудан баш тартуусу боюнча ЖКнын токтому менен камактан бошотулган. Атайын түзүлгөн депутаттык комиссия Жетигеновдун бийликти басып алуу аракетине катыштыгы бар деген айыптоону четке каккан.