«Бакубат Талас» Кара-Бууранын ооруканасында жаңы бөлүм ачууга жардам берди

29 апреля 2021, 16:50

Талас облусунун Кара-Буура аймактык ооруканасында 40 орундуу жаңы бөлүм ачылды. Бул тууралуу Альянс-Алтын компаниясынан билдиришти.

Долбоордун демөөрчүлөрүнүн бири катары "Бакубат Талас" фонду ооруканага 1 миллион сомдон ашык каражат жумшады. Акча бөлүмдүн ички жабдуулары: керебеттер, шкафтар, столдор, муздаткычтар, мониторлорго багытталды.

Белгилей кетсек, фонд учурда 150 миллион сомдук долбоорлорду каржылоодо. Жалпы сумманын 60 миллион сому социалдык долбоорлорду ишке ашырууга, 90 миллиону жеңилдетилген насыялоого бөлүнгөн.