Бакыт Шаршеев Балыкчы шаарынын мэри кызматынан бошотулду

28 сентября 2022, 16:17

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри Бакыт Шаршеев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү документке президент Садыр Жапаров кол койду.

Белгиленгендей, Бакыт Шаршеев берген арызына ылайык иштен алынды.