Бакыт Төрөбаев айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

25 декабря 2023, 16:39

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. 

Эскерте кетсек, буга чейин “Акчабарга” өздүк булактар Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин айыл чарба министри болуп дайындалары тууралуу билдирген.