Бакыт Жумашев «Керемет Банктын» директорлор кеңешинин мүчөсү кызматынан кетти

25 октября 2022, 14:21

“Керемет Банк” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин курамында өзгөртүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргызстандын фондулук биржасынан билдиришти.

Ошентип, банктын директорлор кеңешинин чечими менен Бакыт Жумашев “Керемет Банк” директорлор кеңешинин мүчөсү кызматынан бошотулду.

Маалыматка ылайык, Бакыт Жумашев бул кызматтан өз каалоосу менен кеткен.

Чечим 2022-жылдын 20-октябрында кабыл алынган.