Аарылардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

27 июля 2019, 10:49

Россияда быйыл бал аарылары кырылууда. Орлов облусунда Тергөө комитети кылмыш ишин козгошту. Анткени, аарылардын массалык өлүмүнө фермерлердин химикаттар менен жерди зынкечтерден коргогону себеп болгон. 

Ар бир аймакта аарылардын массалык кырылуусу балчелекчилерди тынчсыздандырууда. Анткени, быйыл алар бал эмес, аарыларын кантип сактап калуунун айласын таппай жатышат. Азырынча, массалык чыгашанын суммасы аныктала элек. 

«Дыйкандар мол түшүм алабыз деп, химикат колдонушту. Бирок, алар аарылар чандаштырууга катышарын эске алган жок», – деп билдирди балчелекчи  Владимир Спирин.