2019-жылы Тажикстанда 4,1 миң тонна бал өндүрүлгөн

9 января 2020, 13:40

2019-жылы Тажикстанда 4,1 миң тонна бал өндүрүлгөн. Бул тууралуу Тажикстандын телеграф агенттиги жазат.

Тажикстандын Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, былтыр 2018-жылга караганда 2,6%га же 104 тоннага көбүрөөк бал алынган.

Тажикстандын балы аз көлөмдө Россия, Казакстан, Афганстан жана Бириккен Араб Эмирлигине экспорттолот.