«Бала-Саруу» кичи ГЭСи кийинки жылдын аягында ишке берилет

13 декабря 2022, 13:35

Талас облусунда мамлекеттин эсебинен курулуп жаткан “Бала-Саруу” кичи ГЭСин 2023-жылдын аягында пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. 

Маалым болгондой, учурда болочок ГЭСтин жогорку чыңалуудагы электр линиясын курууга керектүү материалдар толугу менен чогултулуп, курулушка пландаштырылган 31 мамычанын 18и чогултулуп, орнотулду.

“Курулуш материалдары камсыздандырылган, имараттын пайдубалына бетон нөлгө чейин куюлган. Бүгүнкү күндө жабык бөлүштүргүчтөр имаратынын колонналары тургузулуп, экинчи кабатында бетондоо иштери жүрүп жатат. "Бала-Саруу" ГЭСинин агрегаттарынын иштешин камсыз кылган темир материалдар Бишкектин кампаларына жеткирилди”, - деп белгиледи Энергетика министрлиги.

Мындан тышкары, келечектеги ГЭСтин коопсуз жана сапаттуу иштеши үчүн Киров суу сактагычынын дамбасында жайгашкан сууну жөнгө салуучу жабдуулар оңдолуп, жаңыланууда.