«Балага сүйүнчү» үчүн бюджеттен 1 млрд 459 млн 995.4 миң сом жумшалган

7 сентября 2020, 13:40

Январдан сентябрга чейин Кыргызстан боюнча 362.7 миң балага 4 миң сомдон сүйүнчү төлөнүп берилген. Республикалык бюджеттен «балага сүйүнчүгө» 1 млрд 459 млн 995.4 миң сом жумшалган. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Белгилей кетсек, «балага сүйүнчүнүн» төлөө тартиби жөнөкөйлөштүрүлгөн. Каражатты эч кандай жеке эсеп ачпастан 2 күн ичинде алууга болот. Ал үчүн паспорт жана баланын төрөлгөндүгү тууралуу документ керектелет.