«Балага сүйүнчү» жөлөк пулуна 105,6 млн сом жумшалды

15 марта 2024, 11:31

Январь-февраль айында "Балага сүйүнчү" бир жолку төлүмүн 26 миң 377 бала алды. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлиги билдирди.

Ал үчүн 105,6 млн сом каржыланды.

Белгилеп кетсек, ар бир жаңы төрөлгөн ымыркайга 4 миң сомдон берилет. Үч эмге, же андан көп төрөлгөн балдарга сүйүнчү 50 миң сомдон болот.

Эске салсак, "Балага сүйүнчү" 2018-жылдан бери берилип келет.