Балчылык «Социалдык келишим» долбоорунун бир багыты болот

25 марта 2024, 11:46

2024-жылы “Социалдык келишим” программасынын бир багыты балчылык болот. Эмгек министрлиги 2024-жылы социалдык контракттын алкагында айыл чарба тармагындагы потенциалдуу долбоорлор жана багыттар менен жарандарды тааныштыруу максатында Сокулук районунда социалдык жөлөк пул алуучулар  менен жолукту. 

Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча социалдык контракттын алкагында балчылык тармагында 144 бизнес-долбоор ишке ашырылууда.

Иш-чаранын уюштуруучулары 2024-жылга пландалган социалдык контрактты ишке ашыруунун туура багыты жана туруктуу киреше алып келе турган долбоорлорду жазуу боюнча сунуштарын беришти.

Ошондой эле кулпунай, малина, майда жандыктарды өстүрүү, балык өстүрүү, канаттууларды өстүрүү боюнча кеңири окуулар өткөрүлдү. Иш-чара Айыл чарба министрлиги жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте уюштурулган.