Балдар арасында «Сом – Кыргызстандын жүзү» аттуу сүрөт сынагы өтөт
Кыргыз валютасынын 30 жылдыгына карата Улуттук банк 7 жаштан 11 жашка чейинки балдар арасында “Сом – Кыргызстандын жүзү” аттуу республикалык чыгармачылык сынагын өткөрөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Конкурс сүрөт жана кол өнөрчүлүк боюнча өтөт.
Сынактын максаттары:
- балдардын жана жаштардын улуттук валютага этият мамилесин тарбиялоо;
- балдардын жана жаштардын көңүлүн финансылык сабаттуулук маселелерине буруу;
- жаштардын чыгармачылык жигердүүлүгүн өстүрүү, Улуттук банктын ишмердүүлүгү жөнүндө калктын маалымдуулугуна көмөктөшүүчү темаларды чагылдырууга мотивацияны жогорулатуу жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу.
Конкурс төмөнкү багыттар боюнча өтөт:
“Сом – Кыргызстандын жүзү”;
“Каражатыңды планда, өз келечегиңе кам көр”;
“Кыялдар канат байлаганда” .