ОсОО «Балыкчы алко трейд» арак продукциясын мыйзамсыз өндүрүп келген

14 ноября 2019, 12:42

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Каржы полициясы менен биргеликте Балыкчы шаарында мыйзасыз иштетилип жаткан жергиликтүү фирманы аныкташты. 

Рейддик салык текшерүүлөр жүргүзүлгөн соң, ОсОО «Балыкчы алко трейд» уруксат кагаздары жок, арак өндүрүп келген. 

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында аталган фирманын лицензиясы Айыл-чарба министрлиги тарабынан 2020-жылдын 14-январына чейин токтотулган. 

Рейддик текшерүү учурунда 0,5 литрлик 21.2 миң даана бөтөлкө арак табылган.