Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолунун курулушу 2030-жылга чейин бүтөт

8 апреля 2022, 12:20

Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун узундугу 186 чакырымды түзөт. Бул тууралуу брифингде “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Абдес Анарбеков билдирди.

Анын айтымында, учурда темир жол линиясынын 500 метри төшөлдү.

“Биз бардык иштерди 2030-жылга чейин бүтүрөбүз деп үмүттөнөбүз. Ошондой эле жолдун курулушун тез арада бүтүрүү үчүн насыя алуу вариантын да карайбыз”, — деди Абдес Анарбеков.

Эске салсак, Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу расмий башталганы 1-апрелде жарыяланган. Президенттин басма сөз кызматы бул долбоор биринчи кезекте күз-кыш мезгилинде Бишкектин калкын жана ЖЭБди кара отун менен камсыз кылууда Кара-Кечеден көмүр ташуу үчүн эң арзан жолду түзө турган социалдык-экономикалык мааниге ээ экенин билдирген.

Аны мамлекет өз каражатына куруп баштаганы айтылган.