Балыкчы станциясына 200 тонна жаздык арпанын үрөнү келип түштү

22 февраля 2022, 17:45

Ысык-Көл облусунда жайгашкан Балыкчы станциясына 200 тонна Вакула сортундагы жаздык арпанын үрөнү келди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Үрөндөр Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан убактылуу сактоого кабыл алынган жана Ысык-Көл жана Түп райондорунун үрөн чарбаларына жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө таратылат.

“Элиталык үрөндөр үрөн чарбаларына, биринчи репродукциядагы үрөндөр айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө сапатын текшерүү үчүн лабораториялык анализден өткөндөн кийин жана «Айыл Банк» ААКы менен келишим түзүлгөн соң берилет”,- деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, «Айыл Банк» ААКнын шартына ылайык, үрөн 4,5% үстөк менен товардык насыя түрүндө берилет. 2 жылдык мөөнөткө, үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрына чейин 50% жана 2023-жылдын 15-ноябрына чейин 50% кайтаруу менен. Үрөндүн баасы: элита – килограммы 53,85 сом жана биринчи репродукция - килограммы 47,1 сом.