«Азия Банкы» башкармасында толуктоолорду жарыялады

17 мая 2023, 10:37

"Азия Банкы" жабык акционердик коому башкармалыктын курамы өзгөргөнүн билдирди. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жайгаштырылган.

Тактап айтканда, банктын директорлор кеңешинин 12-майдагы чечимине ылайык, башкармалыктын мүчөсү болуп Владислав Тен шайланды.

Ал бул кызматка 11 айлык мөөнөткө, 2024-жылдын 1-апрелине чейин шайланды.