Нак эмес төлөмгө салык салынбайт

25 июля 2019, 17:20

Нак эмес төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүү   тууралуу Улуттук банкта ведмстволор аралык жыйын болуп өттү. Ага Финасы, Экономика, Саламаттык сактоо жана Ички иштер министрликтери менен бир нече коммерциялык банктар катышты.

Жыйында нак эмес сатып алуу же кызмат алуу жасаган адамдарды салыктан бошотуу каралды. 
Ошондой эле, юридикалык жакактар менен ишкерлерге нак эмес төлөм жасоого  шарт түзүү, аппараттарды коюу каралды.

Анда төлөм системалары менен уюлдук операторлорду 
 «Коопсуз шаар» долбооруна кошуп, жол эрежесин бузгандардын айып пулун алууга ыңгайлуу шарт түзүү талкууга алынды. Алтургай, медицианлык кызматтарга дагы  POS-терминалдар аркылуу акы төлөө  каралууда. 

Нак эмес төлөм жасоодо айып пулду төгүүдө эч кандай комиссия каралбайт.