Банк карталарын MegaPay’де акысыз толуктаңыз

10 февраля 2022, 16:49

MegaPay мобилдик тиркемесинин функционалын колдонуп саналуу секундалар ичинде Кыргызстандын алты банкынын карта жана карталык эсептерин телефондун балансынан акысыз толуктаңыз!

MegaPay’де карталарды комиссиясыз толуктоо кызматтары жеткиликтүү:

  • «Айыл Банк» ААК;
  • «Бакай Банк» ААК;
  • «Керемет Банк» ААК;
  • «Кыргызстан коммерциялык банкы» ААК (MBank);
  • «РСК Банк» ААК;
  • «Халык Банк Кыргызстан» ААК.

Төлөм үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу керек:

  • Google Play же App Store’дон MegaPay тиркемесин көчүрүп же жаңылаңыз;
  • «Алуу» баракчасын тандаңыз же болбосо «Төлөм» – «Банк кызматтары» бөлүмүнө кириңиз;
  • тизмеден керектүү банкты тандап, картанын же карталык эсептин номерин терип, керектүү сумманы жазган соң транзакцияны тастыктаңыз.

Даяр! Комиссия – 0 сом!

Колдонуучулар каржылык операцияларды телефондо эле 24/7 режиминде ишке ашыра ала тургандыгын эске салабыз. Картаны онлайн-толуктоо абоненттерди банк бөлүмдөрүнө улам баруу убарагерчилигинен арылтат. Ошол эле учурда акча каражаттарынын которулушу максималдуу аз убакыт ичинде жүргүзүлүп, транзакциялар боюнча чектер «Төлөмдөр тарыхында» сакталат.

MegaPay – сиздин күнүмдүк жашооңуздагы алмаштыргыс жардамчыңыз!