«Компаньон» банкы «Мир» карталарын тейлөөнү токтотту

13 октября 2022, 14:04

"Компаньон" банкы Россия Федерациясындагы 21 банктын бири тарабынан чыгарылган "Мир" карталарын тейлөөнү убактылуу токтотту. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалды.

Карталарды тейлөөнү убактылуу токтотууга өнөктөш процессинг борборунун чечими себеп болгон.

Кызмат 4-октябрдан тарта токтотулган.

Кыргызстандын башка банктары "Мир" карталарын тейлөөдө өзгөрүү болгонун билдирген жок..

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын Улуттук банкы “Акчабардын” суроосу боюнча жөнгө салуучу орган орусиялык банктардын “Мир” төлөм карталарына атайын талаптарды киргизбегенин билдирген. Чектөөлөр боюнча чечим банктар тарабынан өз алдынча кабыл алынышы мүмкүн.