«Кыргызстан» банкы уставдык капиталын эки млрд сомго чейин жеткирүүнү пландаштырууда

14 июня 2021, 13:20

"Кыргызстан" коммерциялык банкынын жылдык отчетуна ылайык, ушул жылдын аягына чейин каржы институту уставдык капиталды 2 миллиард 15 миллион 955 миң сомго жеткирүүнү пландаштырууда.

2021-жылдын 31-мартындагы акционерлердин жылдык жалпы чогулушунда уставдык капиталдын өлчөмү 2020-жылдын аягында алынган бөлүштүрүлбөгөн кирешенин эсебинен жана банктын жөнөкөй акцияларын чыгарууга байланыштуу жарым-жартылай көбөйтүлөт деген чечим кабыл алынган.

Өткөн жуманын аягында, Кыргыз фондулук биржасынын маалыматы боюнча, акциялардын кошумча эмиссиясына байланыштуу, коммерциялык банк баштапкы рынокко 202 миллион 585 миң сом тартты.

11-июнда "Кыргызстан Коммерциялык Банкы" ААКнын акциялары менен бир гана келишим түзүлдү. Натыйжада, 40,5 миллион акция 5 сомдон сатылып, базар баасы кагазына 3 сомду түздү.

Ушул жылдын 31-майына карата банктын ачык маалыматы боюнча уставдык капиталы 1 миллиард 734 миллион 163 миң сом болду.