Орусия банкы «Кузбасстын түзүлгөндүгүнүн 300 жылдыгы» эстелик монетасын жүгүртүүгө чыгарды

10 июня 2021, 12:20

Ушул жылдын 10-июнунан тартып Россия Федерациясынын Борбордук банкы номиналы 3 рубль болгон "Кузбасстын түзүлгөндүгүнүн 300 жылдыгы" эстелик күмүш монетаны жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылды.

Күмүш монетанын салмагы 31,1 грамм, эритмесинин тактыгы 925. Монета мыкты сапатта жасалган. Тиражы - 3 миң даана.

Чыгарылган монета Россия Федерациясынын аймагында накталай акча төлөөнүн мыйзамдуу каражаты болуп саналат жана төлөмдөрдүн бардык түрлөрүндө номинал боюнча эч кандай чектөөсүз кабыл алынууга тийиш.