«Толубай» Банк уставдык капиталын көбөйтүүнү пландаштырууда

7 марта 2022, 13:01

19-мартта АКБ «Толубай» ЖАКтын акционерлери жылдык жалпы чогулушка чогулушат. Бул тууралуу банктан билдиришти.

Күн тартибинде бир эле учурда он маселе каралат. Тактап айтканда, акционерлер эсептөө комиссиясынын курамын, башкармалыктын жана директорлор кеңешинин 2021-жылга карата отчетун бекитиши керек. Ошондой эле 2022-жылга финансылык план жана бюджети бекитилет.

Мындан тышкары, акционерлер дагы бир маселелердин бири АКБ «Толубай» ЖАКтын уставдык капиталын көбөйтүүнү чечиши керек.

Кошумчалай кетсек, банк акыркы жолу 2021-жылдын июнь айында уставдык капиталын көбөйткөн. Анда ал 664 млн сомдон (+36 млн сом) 700 млн сомго жеткирилген.