Банктар валютаны накталай курс боюнча алмаштырууга милдеттүү

28 июля 2022, 14:48

Коммерциялык банктар акча которуулар үчүн валютаны накталай акча алмаштыруу үчүн маалымат тактасында көрсөтүлгөн курс боюнча гана конвертациялайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкы билдирди.

Мындай өзгөртүүлөр 27-июлда Улуттук банктын “Кыргыз Республикасында акча которуу системалары аркылуу акча которууларды жүргүзүү эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомуна киргизилди.

Маалым болгондой, өзгөртүүлөр ички валюта рыногундагы кырдаалды туруксуздаштырууга жол бербөө максатында киргизилген.

“Акча которуу системасы аркылуу алынган акча которууну которуу/төлөм валютасынан башка валютага конвертациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Акча которуулар банктар тарабынан чет өлкөлүк валюталарды сатып алуу жана сатуу курстарынын маалыматтык стендинде көрсөтүлгөн курс боюнча гана конвертацияланат (нак акча алмаштыруу боюнча)", - деп айтылат маалыматта.