Банктар акыркы жарым жылда валюта аукциондорунда рекорддук сумманы сатып алышты

27 июня 2022, 09:43

Банктар 2022-жылдын 24-июнунда банктар аралык валюта тооруктарында 66 миллион 350 миң долларды сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Бүтүм жасалган күндөгү эсептешүүлөрдүн суммасы 26,8 миллион долларды, ал эми бүтүм түзүлгөн күндөн башкача күндөгү эсептешүүлөр менен 39 миллион 550 миң долларды түзгөн. 66 миллион 350 миң доллар акыркы алты айдагы рекорд. Мындай ири сумма акыркы жолу ушул жылдын 27-январында — 88 миллион 750 миң долларга сатылып алынган. Анда ачылыш жана жабуу курсу 1 доллар үчүн 84,8 сомду түзгөн.

24-июнда ачуу курсу 1 доллар үчүн 79,52 сом, жабылуу курсу 1 доллар үчүн 79,5 сомду түздү.

“Акчабар” буга чейин Улуттук банк 24-июнда валюта рыногуна кайра тескери интервенция менен чыгып, 59 миллион 150 миң долларды 1 долларга 79,5 сомдон сатып алганын жазган.

Буга чейин Улуттук банк акыркы жолу 17-июнда тескери интервенция менен чыгып, андан кийин регулятор валюта базарынан 51 миллион 440 миң доллар сатып алган.

Бул жетинчи тескери интервенция экенин кошумчалайбыз. Жыл башынан бери Улуттук банк 190 миллион 740 миң доллар сатып алды. Мындан тышкары, банк 284,3 миллион доллар сатса, анын 66,65 миллион доллары накталай сатылган.