Банктар аралык соодада комбанктар валютанын рекорддук суммасын сатып алды

22 сентября 2022, 09:40

Банктар аралык валюта тооруктарында 21-сентябрда Кыргызстандын банктары 11 миллион 210 миң доллар сатып алды. Бул тууралуу Улуттук банктан белгилүү болду.

Бегилеп кетсек, бул Улуттук банк акыркы жолу валюта рыногуна тескери интервенция жасагандан кийинки рекорддук сумма. Андагы банктар аралык аукциондо Улуттук банк 59 миллион доллар 150 миң доллар сатып алган, жалпысынан 66 миллион 350 миң доллар аукциондо сатылган.

Бүтүмдүн күнү эсептешүүлөрдүн суммасы 5 млн 960 миң долларды, ал эми бүтүм жасалган күндөн башка күндөгү эсептешүүлөр менен 5 млн 250 миң долларды түздү.

Кошумчалай кетсек, 21-сентябрда ачылыш курсу 1 доллар үчүн 81 сом, жабуу курсу 1 доллар үчүн 81,3 сомду (+0,37%) түздү.