Кыргызстанда банктар арам жол менен 10 млрд сом киреше тапты — Бекешев

8 сентября 2022, 11:45

Кыргызстандын банктары акыркы жарым жылда 10 миллиард сомдон ашык арам жол менен киреше тапты. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, банктар россиялык жарандарга накталай чет элдик валютаны сатып, ошол эле учурда комиссиялык төлөмдөрдөн жана доллардын тартыштыгын жаратып, кыргызстандын жарандарынан киреше табышкан.

“Бул киреше Кыргызстандын экономикасына кайра инвестицияланышы керек деп эсептейм. Министрлер кабинети коммерциялык банктарды өлкөнүн экономикасына алган пайданы кайра инвестициялоого милдеттендире турган куралдарды табышы керек. Ошондой эле бул акчалар өлкөдөн чыгарылбашы керек”, - деди ал.