Банктар биринчи кварталда 21 млрд сомдон ашык киреше алышты

24 мая 2022, 16:22

Ушул жылдын биринчи чейрегинде Кыргызстандын коммерциялык банктарынын кирешеси 21 миллиард 364,1 миллион сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 61 пайызга (13 миллиард 290 миллион сомго) көп болду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен маалым болду.

Ошол эле мезгилде банктардын чыгашалары каралып жаткан мезгилде 10 миллиард 522,1 миллион сомду түзсө, өткөн жылы 7 миллиард 974,2 миллион сом болгон.

"Банктардын январь-март айларындагы балансталган финансылык жыйынтыгы 10 миллиард 853,4 миллион сомду түздү, 2021-жылдын ушул эле мезгилинде бул сумма 5 миллиард 316 миллион сомду түздү", — деп белгилейт Улуттук статистикалык комитет.