Валюта соодасында банктар 5 млн доллардан ашык сатып алышты

28 февраля 2023, 09:14

Кечээ, 27-февралдагы банктар аралык соодада коммерциялык банктар 5 миллион 950 миң доллар сатып алышты. Бул маалыматты жөнгө салуучу орган билдирди.

Алардын ичинен 3,8 млн доллары бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүүлөр менен, дагы 2,15 млн доллары бүтүм түзүлгөн күндөн башка эсептешүүлөр менен алынган.

Кошумчалай кетсек, 15-февралдан бери аукциондо доллардын баасы 87,42 сом деңгээлинде сакталууда.