Банктар аралык валюта аукционунда 250 миң доллар сатылды

15 декабря 2022, 09:30

Кечээ, 14-декабрда банктар аралык валюта аукционунда банктар 250 миң долларды гана сатып алышкан. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

Эсептешүү менен соодалар бүтүм түзүлгөн күндөн башка датада гана жүргүзүлгөн. 

Белгилей кетсек, буга чейин аукциондор өткөн эмес. 

Америка валютасынын аукциондогу баасы 6-декабрдан бери өзгөрүүсүз 84,95 сом болууда.