Банктар валюта соодасында 2 млн доллар сатып алышты

6 июня 2023, 11:08

Коммерциялык банктар 5-июнда банктар аралык валюта соодасында 2 миллион доллар сатып алышты. Бул маалымат күнүмдүк соода статистикасында чагылдырылган.

Алардын ичинен банктар 1,3 млн долларды келишим түзүлгөн күндөгү эсептешүүлөр менен, дагы 700 миң долларды келишим түзүлгөн күндөн башка эсептешүүлөр менен сатып алышкан.