Кыргызстандын банктары валюта соодасында 14,6 млн доллар сатып алышты

12 марта 2024, 09:30

Коммерциялык банктар 11-мартта банктар аралык валюта соодасында 14,6 миллион доллар сатып алышкан. Бул маалымат күнүмдүк соода статистикасында чагылдырылды.

Тактап айтканда, банктар бүтүм жасалган күнү эсептешүү менен 10,6 млн доллар сатып алышкан. Операция датасынан башка күнү эсептешүү менен дагы 4 миллион доллар алынган.

Сооданын ачылышы жана жабылышында доллардын баасы 89,43 сомду түздү.

Кошумчаласак, доллардын баасы акыркы эки күндөн бери өзгөргөн жок.