Кыргызстандын банктары топтук насыяларды берүүнү токтотушу мүмкүн

20 февраля 2020, 09:03

КР Улуттук банкы топтук насыяларды жөнгө салуу максатында,  «Айрым ченемдик укук актылары» токтом долбооруна киргизилген өзгөртүүлөрдү коомдук талкууга койду. 

«Банктардагы топтук насыялардын портфелинин төмөндөп кеткендигине байланыштуу жана топтук насыя алгандар дайыма мөөнөтүнөн кеч төлөгөн фактылар көп катталып жаткандыктан, токтомго өзгөртүүлөр киргизилди. Сунушталган өзгөртүүлөр, банктардагы топтук насыяларды жөнгө салуу менен, топтук насыя портфелин 5% чейин, Улуттук бьанктын кийлигишүүсүз төмөндөтө алат», -   деп жазылат маалыматта.

Топтук насыяларды активдүү берген банктар Улуттук банкка, насыя портфелин төмөндөтүүгө даяр же болбосо насыянын бул түрүнөн баш тартуу ниетин билдиришкен.