Банктар электрондук маалымкаттарды кабыл албоодо

22 ноября 2022, 11:35

Банктар электрондук маалымкаттарды кабыл албай жаткандыктан, фермерлерди жана ишкерлерди каржылоо процесси жай жүрүүдө. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Индира Шаршенова билдирди. 

“Жарандар маалымкаттарды tunduk.kg электрондук порталы аркылуу алышат. Насыя алуу үчүн банкка кайрылышат, бирок банктар мөөр басылган кагаз жүзүндөгү маалымкатты талап кылышат. Учурдан пайдаланып, бул багыттагы ишиңизди кайра карап чыгууну суранам”, - деди ал. 

Ошондой эле, Министрдин орун басары калктын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

“Көбүнчө бизге элдер платформанын, мүмкүнчүлүктүн жоктугун айтып кайрылышат. Бирок ал платформалар бар. Калк мунун баарын кантип колдонууну билбейт. Бирок, биз дайыма жардам берип, түшүндүрүүгө даярбыз», - деди Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары.