“Демир Банктын” банкоматтары доллар менен накталай акча алуу үчүн комиссия ала баштайт
Эртең, 5-апрелден тартып “Демир Банктын” банкоматтары доллар менен акча алуу үчүн 1% комиссия ала баштайт. Бул тууралуу аталган банктын расмий сайтында маалымдалды.
“Демир Банктын” банкоматтарынан сом менен акча каражаттарын алуу кардарлары үчүн комиссиясыз ишке ашырылат.
Кошумча маалыматты күнү-түнү иштеген байланыш борборунун 2222 телефонуна чалып же банктын каалаган кеңселеринен алууга болот.