Банктар аралык соода доллардын курсу 5,7%га төмөндөшү менен аяктады

21 апреля 2022, 16:21

Кечээ, 20-апрелде коммерциялык банктар банктар аралык валюта соодада жалпы суммасы 21 млн 350 миң долларга чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу боюнча операцияларды жүргүзүштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкы билдирди.

Муну менен 31-марттан берки банктар аралык соодада бүтүмдөрдүн эң чоң көлөмү кечээ катталды.

Сооданын ачылышында доллардын курсу 85,05 сомду түзсө, жабылышта 5,7%га төмөндөп же 80,24 сомду түздү.

Эске салсак, 19-апрелде комбанктар валюта соодасынан 3,4 млн долларды орточо 83,75 сомдон сатып алышкан.