Балыкчы – Каракол унаа жолу 2026-жылга чейин бүткөрүлөт

19 марта 2024, 10:15

Балыкчы-Каракол унаа жолу 2026-жылга чейин курулуп бүтөт. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдири. 

Маалыматка ылайык, бир күн мурун облус жетекчиси Уланбек Далиев жолдун курулушунун жүрүшүнө көзөмөл жүргүзгөн.

"Текшерүүдө Далиев бул инфраструктуралык долбоордун облустун калктуу конуштарынын ортосундагы транспорттук каттамдардын ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле экономиканы жана туризмди өнүктүрүүгө дем берүү потенциалын баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.