Башкы прокурор 20-февралдан баштап соттук отурумдарга өзү катышат

9 февраля 2022, 14:30

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 20-февралдан баштап соттук отурумдарга өзү катышарын билдирди.

“Биз февралдын экинчи жарымынан тарта кийинки жылдын декабрь айына чейин каалаган убакытта өзүм, орун басарларым менен айтпай туруп соттук процесстерге катышабыз. Максатыбыз ошол жыйындагы прокурордун ишти канчалык деңгээлде билет, активдүү катышуудабы же уктап отурабы, мыйзамды билип-билбегенин текшеребиз”, - деди Зулушев.

Ал кошумчлагандай, облус, район прокурорлорунун сот жыйындарына катышып жатканы да текшерүүгө алынат.