Башкы прокурор «JIA Бизнес-ассоциациясынын» өкүлдөрү менен жолукту

18 марта 2021, 17:30

Башкы прокуратурада ишкерлердин укуктарын коргоо жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүү максатында башкы прокурор Курманкул Зулушев «JIA Бизнес-ассоциациясынын» өкүлдөрүн кабыл алды.

 

Жолугушууда башкы прокурор Зулушев ишкерлердин укуктарын коргоо прокуратура органдарынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин кошумчалады.

Эске салсак, укук коргоо, фискалдык жана көзөмөлдөөчү органдары тарабынан ишкерлердин ишине негизсиз кийлигишүү же тоскоолдук кылуу фактысы орун алса прокуратура органдарынын күнү-түнү кабыл алуучу ишеним телефондоруна кайрыла алышат. Ар бир факт боюнча прокуратура органдары токтоосуз тиешелүү чараларды көрөт.