Баткен бажычылары 500 миң сомдук мыйзамсыз жүктү аныктады

9 марта 2023, 15:54

Баткен облусунда электр зымдарын аткезчилик жол менен алып өтүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында С.М.С. аттуу жарандын ак түстөгү “Фольксваген Крафтер” унаасы кармалган. 

“Унааны текшерүү учурунда Тажикстандан Лейлек районунан аймагына ташылып бара жаткан электр зымдары табылды. Жалпы чыгым 500 миң сомдон ашты”, - деп айтылат маалыматта. 

Аталган мыйзам бузуу фактысы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.