Пакистандан мыйзамсыз ташылып келинген товар аныкталды

19 мая 2023, 09:30

Баткен бажычылары кыргызстандык жаран “А.у.Н.” башкаруусундагы “VOLVO FH12” үлгүсүндөгү унааны текшерүүдө үрөндүк картошка товарын аныкташты. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Пакистандан  келе жаткан товар тийиштүү документсиз Кыргызстанга киргизилүүгө аракет кылынган.  

“Товардын жалпы салмагы 13 200 килограммды, баасы 330 миң сомду түзгөн. Учурда жалпы суммасы 78 905 сом айыптык санкциялар жана бажы төлөмдөрү төлөндү”, - деп айтылат маалыматта.