Баткен: Кен казууга каршылар жол тосууга чыгышты

6 августа 2021, 11:55

Баткен облусунун Лейлек районунун Катраң, Өзгөрүш айылындагы тургундар “Баткен-Исфана” унаа жолун тосуп алышты. Бул тууралуу “Акчабарга” жергиликтүү тургундар билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн эртең мененки саат сегиз жарымдар чамасында 100 жакын адам жолду тосууга чыгышкан. Алар Катраң айылындагы "Апрельское" алтын кенин казуу иштерине каршы болуп, унааларды өткөрбөй жатышат.