Баткенди өнүктүрүүгө 86,1 млн сом бөлүндү

30 октября 2023, 10:45

"Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо-2" долбоорунун алкагында 86 млн сом бөлүндү. Каржы министрлигинен билдиришкендей, жеңилдетилген насыя 98 ишкерге берилди.

Маалыматка ылайык, бул долбоорду ишке ашырууга өлкөдөгү эки коммерциялык банк катышууда, кредиттөөнүн жалпы көлөмү 350 млн сомду түзөт.

Долбоор Баткенди өнүктүрүү, ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга жеткиликтүү кредит берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатын көздөйт.