Баткен облусунда былтыр апрелде жабыркагандарга ай сайын жөлөк пул берилет

25 февраля 2022, 16:00

Кыргыз-тажик чек арасында 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги окуялардын айынан курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөк пул берилет. Министрлер кабинетинин маалым болгондой, жөлөк пулду дайындоонун жана төлөөнүн тартиби боюнча токтом кабыл алынды. 

Ай сайын 3 миң 700 сомдук пособие төмөнкүлөргө берилет:

  • курман болгон жарандын балдары жана асырап алган балдары – ата-энесинин өлгөн күнүнөн тартып, алар 18 жашка толгонго чейин;
  •  курман болгон жарандын ата-энеси (атасы, энеси) – пенсия курагына жеткен күндөн тартып, эгерде курман болгон адам жалгыз бала болсо – өмүр бою;
  •  ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп табылган жарандар – майыптуулук белгиленген күндөн тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин.