Баткен облусунда эт өндүрүүнүн көлөмү азайган

17 марта 2022, 16:13

Үстүбүздөгү жылдын 1-мартына карата республикада бардык категориядагы чарбалык субъектилерде 62,1 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул өткөн жыл менен салыштырмалуу эт өндүрүү 1381 тоннага же 2,3 пайызга көбөйгөн.

"Эт өндүрүү республиканын бардык облустарында көбөйүүдө, Баткен облусунан тышкары. Баткен облусунда ийри мүйүздүү малдын санынын азайышынан улам эт өндүрүүнүн азайышы байкалууда, бул элдин миграциясына жана тоюттун кымбаттыгына байланыштуу",- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетчү нерсе, республика боюнча эт өндүрүүнүн өсүү темпи өткөн жыл менен салыштырмалуу эң көбүрөөк Ысык-Көл облустарынын чарбаларында (113,2 пайыз), Нарын (101,1 пайыз) жана Жалал-Абадда (102,0 пайыз) байкалат.