Баткен районуна 26 млн сомго тарых музейи курулат

8 декабря 2022, 16:05

Баткен районунун Кара-Булак айылына тарых музейин куруу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, тендерди Курулуш жана аймактык өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган.

Курулуштун пландалган суммасы 26 млн 357 миң 362 сом. Ал эми тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 21-декабрь.