Баткенде 10 тоннага жакын минералдык жер семирткич аныкталды

14 февраля 2023, 13:41

Баткен бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери 10 тоннага жакын контрабандалык минералдык жер семирткичти аныкташкан. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка айылында минералдык жер семирткичтер карбамид жана аммиак селитрасы табылган. Жүктүн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган документтер болгон эмес.

“Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн экспертинин корутундусуна ылайык, аныкталган товардын орточо базар баасы 448 миң 200 сомду түздү. Анын жалпы салмагы 9 миң 650 кг”, - деп айтылат маалыматта.

Бул мыйзам бузуу фактысы боюнча чогултулган материалдар тергөө иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү тарапка өткөрүлүп берилди.