Баткенде 30 аялга грант берилип, бизнес башташты

7 февраля 2024, 14:35

Баткендин Актатыр, Самаркандек, Кара-Бак, Ак-Сай айыл аймактарындагы 30 аял атайын окутуулардан өтүп, өз ишкердигин баштады.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аялдар тигүүчүлүк, малина өстүрүү, азык-түлүк дүкөнүн иштетүү, кондитердик азыктарды даярдоо, сүт азыктарын сатуу багытында бизнес менен алектенип жатышат.

Бул үчүн аларга “Аялдар тынчтык үчүн” долбоорунун алкагында 2 млн 610 миң сомдук грант берилген.