Баткенде 45 миң долларга мектептердин таза суу түтүктөрү оңдолду

26 мая 2023, 14:40

Баткендеги Бөкөнбаев, Умаров, Ленин мектептеринин, ошондой эле №57 лицейдин жана Баткен мамлекеттик университетинин колледжинин таза суу түтүктөрү оңдолду. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштери Баткен шаарынын мэриясы менен биргеликте жүргүзүлгөн. 

“Колдоонун жалпы баасы 45 миң долларды түзөт. Бул каражаттар суу менен камсыздоо жана канализация системаларын жакшыртууга жумшалды. Бардык мектептерге кошумча раковиналар жана таштанды челектери орнотулуп, башка санитардык иштер жүргүзүлүп, керектүү санитардык-гигиеналык каражаттар, анын ичинде 9000 литр суюк самын берилди”, - деп айтылат маалыматта. 

Белгилеп кетсек, бул жайлар 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин убактылуу баш калкалоочу жай катары кызмат кылган. Бүгүнкү күндө анда 6,7 миңден ашык балдар жана өспүрүмдөр билим алат.