Баткенде арзан көмүр саткан кампалар ачылды

31 октября 2023, 13:55

Баткен облусунда 6 көмүр кампасы ачылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. 

Маалыматка ылайык, бул  кампаларда көмүрдүн тоннасы 5 миң сомдон сатылууда. 

“Арзан баадагы көмүр биринчи кезекте 2021-2022-жылдардагы чек ара окуяларынын жабырлануучуларына, социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөргө берилет. Андан соң катардагы жарандардын да алуу мүмкүнчүлүгү бар. Лейлек жана Баткен району, Баткен шаарындагы көмүр кампаларында Сүлүктү кенинин көмүрү, ал эми Кадамжай жана Кызыл-Кыя шаарында Бел-Алма кенинин көмүрү сатылат”, - деп айтылат маалыматта. 

Көмүр кампалардын даректери: 

  • Лейлек районунун Кулунду айыл аймагы, ЦРМдин аймагы;
  • Раззаков шаары, "Тазалык" ишканасынын аймагы;
  • Баткен шаары Самат Сыдыков көчөсү, болжол менен Баткен ТВнын арт жагы;
  • Кадамжай району, МАИ кызматынын айып короосунун алды;
  • Ак-Татыр айыл өкмөтү, Рават айылы, Колтук көчөсү, үй номери 25;
  • Кызыл-Кыя шаары, Жусубалиева 137.