Баткенде аткезчилик менен ташылган 7 тонна жаңгак аныкталды

24 апреля 2024, 13:19

Баткен облусунун Кадамжай шаарында Өзбекстандын жараны “Х.С.И.” башкаруусундагы “Mercedes-Benz 814” үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган. Унаанын жүк бөлүгүн бажылык текшерүүдө жалпы салмагы 6 миң 745 кг түзгөн грек жаңгагы табылган. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. 

Жүктүн тиешелүү документи болгон эмес. Кармалган товардын баасы 1 млн 577 миң 500 сомду түзгөн. 

"Тиешелүү материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Баткен облустук сотунун чечимине ылайык жүгү менен унаа мамлекетке өтөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.